БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы
2023-жылдын 18-апрелиндеги № 14/14
“Жер аянтын трансформация кылууга уруксат берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренеси, Кыргыз Республикасынын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 15.07.2013-жыл №145 Мыйзамы жана Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн 19.032014-жыл №169 токомун жетекчилике алып, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын 14.04.2023-жыл №01-20/48 сандуу кайрылуусу боюнча жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Курук-Сай участкасындагы №363-контурундагы, эски топурак карьердин ордун ээлеген 5,0га айыл чарба багытындагы жер аянтына социалдык объектилерин, Борбордук спорт комплексин жана футбол спорт мектебин куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, социалдык багыттагы жерлер категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Трансформация кылууга тандалган 5,0га жер аянтын мамлекеттик иш кагаздарын даярдоо Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Назаровко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Ушул токтом расмий түрдө сайтка жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |