Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-марты № 28/VI-29
Куураган көп жылдык бактарды кыюу жөнүндө
Айылдык кеңештин сессиясында “Ак-Кудук” муниципалдык ишканасынын директору Х.Раджабовдун жашоочулардын өмүрүнө коркунуч туудурган айыл аймагындагы айылдардын жолдорунун боюндагы жана социалдык объектилердин имараттарын басып калуу абалында турган кургак,чирик бак-дарактарды кыюу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап,КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 6-мартындагы №01-11/22 протоколдук тапшырмасына ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ак-Кудук айыл аймагындагы айылдардын жолдорунун боюндагы жана социалдык объектилердин тегерегиндеги катуу шамал мезгилинде кулап калуу коркунучу бар кургак жана чирик дарактарды кыюуга уруксат берилсин.
2.Кыйыла турган бак-дарактар тууралуу айыл өкмөтүнүн аппараты тарабынан түзүлгөн комиссия менен муниципалдык ишкана тарабынан акты түзулсүн.
Төрага |
| Дж.Маванкуй |