Редакцияот 12.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз он үчүнчү сессиясы

 

2023-жылдын 12-апрелиндеги № 3

 

Муниципалдык жер аянттарын бириктирүү жөнүндө

С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 10.04.2023-жыл № 285 кайрылуу катынын негизинде С.Атабеков айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 10.04.2023-ж № 285 кайрылуу катынын негизинде С.Атабеков айыл өкмөтүнүн № 106 “Ширин” атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин 3-05-10-1011-0148 сыр белгиси менен катталган 2487,5 м2 жер аянтын жана “Ширин” жалпы билим берүүчү мектебинин 3-05-10-1011-0147 сыр белгиси менен катталган 2070 м2 жер аянттын, эски бузулуп кеткен мечиттин 3-05-10-1011-0149 сыр белгиси менен катталган 1164 м2 жер аянтынын багытын өзгөртүп, бириктирип мектеп имаратынын курулушу үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кенештин катчысына жүктөлсүн.

 

4. Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

А.Эралиев