Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-февралындагы № 1
Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аны аялдар үчүн окуу борборун куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 20.02.2023-жылкы №102 кайрылуусунун негизинде айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн арт жагындагы айыл чарбасына жараксыз бош жаткан 500 квадрат метр жер аянты муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
2. Алынган жер аялдар үчүн окуу борборун куруу үчүн ажыратылып берилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана тийиштүү адистерге милдеттендирилсин.
4. Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |