Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-февралындагы № 2
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү жобону бекитүү жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн сунуштаган “С.Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу,тазалыкты сактоо боюнча типтүү Жобонун долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, ошондой эле туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунун протоколунун негизинде С.Атабеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “С.Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндүрүү,жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү жобону бекитүү жөнүндө” Жобо бекитилсин.
2. Ушул токтомду айылдык кеңештин катчысы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттодон өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу С.Атабеков айыл өкмөтүнун башчысы К.Исканаджиевке милдеттендирилсин.
4. Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |