Редакцияот 08.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы

 

2025-жылдын  8-апрели  №4/13

 

«Айыл аймактагы билим берүү мекемелеринин мугалимдерине “Мыкты мугалим” наамын ыйгаруу жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын жана “Билим берүү жѳнүндѳ” Мыйзамына ылайык, айыл аймактагы билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин эмгегин баалоо жана стимул берүү максатында, жергиликтүү кеңештин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Барпы айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин мыкты жетишкендиктери бар мугалимдерине «Мыкты мугалим» наамы ыйгарылсын.

 

2. «Мыкты мугалим» наамына тандоо, баалоо шарттарын аныктоо жана сунуш берүү, билим берүү мекемелеринин директорлоруна милдеттендирилсин.

 

3. «Мыкты мугалим» тѳш белгисин жасоого жана башка керектѳѳлүүчү материалдарга кетүүчү чыгымдардын ордун толтуруу жагы Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы В. Алимжановго жүктѳлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү айылдык кеңештин социалдык маселелер билим берүү, спорт жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С. Зайнабидиновго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага

 

У.А. Абдыкулов