Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-марты № 30/VII-29
Каржы каражаттарын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 25-мартындагы “Чүй облустук Ат чабыш боюнча салттуу достук таймашын өткөрүү жөнүндө” буйругуна ылайык Ысык-Ата районунда ат чабыш оюнунун өткөрүүгө, “Ак-Кудук” муниципалдык ишканасынын таштанды ташуучу унаасын кармоого жана Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун мүчөлүк акысына тиешелүү болгон каражатты бөлүп берүү боюнча маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ат чабыш ат оюндарын өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 150 000 сом каражат Чүй жылкы ассоциациясынын "Тел-Тору" коомдук бирикмесинин эсебине бөлүүгө макулдук берилсин.
2.”Ак-Кудук” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу унаасын кармоого 1 000 000 сом бөлүүгө макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзуна мүчөлүк акысын ар бир жергиликтүү жамааттын мүчөсүнө 3 сомдон бөлүүгө макулдук берилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнө жана Ак-Кудук айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар, инвестициялар жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Дж.Маванкуй |