Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-февралындагы № 3
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн балансындагы ЖСБ эксковатор мотосаатынын кызмат акысын жогорулатуу жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖСБ эксковаторунун мотосааты бир аз арзаныраак болгондугуна байланыштуу 600сомдон 1000 сомго баасы тиешелүү адистердин жардамы менен карап чыгылып жогорулатылсын.
2. 2023-жылдын 21-февральга чейинки техниканын мотосааты карап чыгылып, ушул датадан тартып техниканын мотосааты 1000 сомдон төлөнсүн.
3. 2023-жылдын 21-февральдан тартып күйүүчү май элдин эсебинен ал эми ар бир мотосаат учун кызмат акы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн эсебинен төлөнсүн.
4. Токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Эралиев |