Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-февралындагы № 5
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга пландалган кирешесин жана чыгашаларынын сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 13-102-беренелеринин негизинде С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө айылдык кенештин бюджеттик туруктуу комиссиясында талкууланган жергиликтүү бюджетин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин атайын каражаттарын бекитүүгө С.Атабеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери 32979,8 мин сом, атайын каражат 5000,0 миң сом жана теңдөө гранты эсебинен 18521,0 миң сом кошулуп 51800,8 мин сом №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Теңдөө гранты көлөмү 2023-жылга 18521,0 сом өлчөмдө №2-тиркемеге ылайык бекитилсин жана пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелерге жумшалсын.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 15.01.2008-жылдагы №7 токтомуна ылайык күнүнө жергиликтүү бюджеттен 18 сомдон жалпы 2540,2 миң сом акча каражаты №3-тиркемесине ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесинин ылайык жергиликтүү бюджеттен резервдик фонду 865,8 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул Кодексте көрсөтүлгөн Жоболорго ылайык жүргүзүлсүн
5. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын жана калктын санына жараша 14 айыл башчы адистери бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдын №403 токтомуна типтүү түзүмү жана штаттык бирдигине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 токтомундагы муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө Жарлыгына, КР 2022-жылдын 8- августундагы № 433 токтомундагы кенже тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64 токтомундагы айылдык кеңештерге акы төлөө кызмат орундары жонүндөгү токтомдорунун негизинде айыл өкмөтүнүн “ Башкаруу” жана “айылдык кеңеш” бөлүмдөрүнүн 45 штаттык бирдигине ылайык жалпы 19880,9 миң сом өлчөмүндө эмгек акы фонду бекитилсин.
8.“Башкаруу” жана “Айылдык кеңеш” бөлүмдөрүн күтүүгө керектелүүчү 3391,3миң сом каражаты №4 -5-6- тиркемелерине ылайык бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 жайыттар жөнүндө мыйзамынын 8-беренесине ылайык “Жайыт комитети” тарабынан жайыт пайдалануучулардан 629,1 миң сом өндүрүлсүн.Анын чыгымы 419,4 миң сом өлчөмүндө №8-9-тиркемелерге ылайык белгиленип, 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен жайыт жыйымдарынын киреше жана чыгашаларын эсептөө менен Жайыт комитетинин планына тактоо киргизилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн 2022-жылдын 30-мартындагы №135 токтомунун, негизинде айыл өкмөтүнүн “ Маданият” бөлүмүндөгү маданият жана китепкана кызматкерлеринин штаттык бирдигине ылайык жалпы эмгек акы фонду 1629,7 миң сом өлчөмү менен №10-11-тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. 2023-жылга “Турак жай жана коммуналдык чарба” бөлүмүнүн чыгымдары №12-тиркемеге ылайык 16074,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
12. 2023-жылга “ Билим берүү” бөлүмүнүн чыгымдары № 13-14-15-тиркемелери ылайык,жалпы 5330,2миң сом өлчомүндө бекитилсин.
13. Социалдык камсыздандыруу бөлүмү № 16- тиркемесине ылайык 55,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
14. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин 2023-жылга жеткирилген билим берүү жана маданий жактан тейлөө боюнча атайын каражат эсебинин киреше планына ылайык ,чыгымдары мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн “ Билим берүү” бөлүмүнүн атайын каражат эсеби №17-тиркемеге ылайык 5000,0 миң сом өлчөмүндө бекитилип, 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен планга тактоо киргизилсин.
15. Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен түшүүчү ижара акыларды өз убагында, толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир айылдын айыл башчыларына жана салык кызматчыларына жеке милдеттендирилсин.
16. 2023-жылдын чыгаша бөлүгүнө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Исканаджиевке милдеттендирилсин.
17. Айыл өкмөтүндө 2023-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин негизинде, жергиликтүү кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясынын кароосунан кийин кезектеги сессияга сунушталсын.
18. 2023-жылда пландык көрсөткүчтөн ашыкча жыйналган каражаттар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115 беренесине ылайык айылдык кеңештин сессиясынын чечими менен пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исканаджиевке милдеттендирилсин.
19. Айыл өкмөтүнүн тармактарынын иш-пландары боюнча бөлүнгөн каражаттардын МСА электрондук порталынын үнөмдөлгөн көлөмү айылдык кеңештин чечиминин негизинде башка тармактардын муктаждыктарына жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
20. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исканаджиевке жуктөлсүн.
Төрага: | А.Эралиев |