Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-марты № 31/VII-29
Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025 -жылдын 7-февралындагы
№22/V-29 “Жер тилкесин ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө жана жер участокторун которууга (трансформациялоо) макулдук берүү
жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025 -жылдын 7-февралындагы №22/V-29 “Жер тилкесин ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө жана жер участокторун которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө” токтомунда жер тилкесинин өлчөмү туура эмес көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып жана жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Ата филиалынын 2025-жылдын 11-февралындагы №01-3/270 каты менен жөнөтүлгөн корутундунун негизинде Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жогоруда аталган токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн “30 га” жер тилкеси “ 33,86 га ” жер тилкеси деп өзгөртүү киргизилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер, турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Дж.Маванкуй |