Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-февралындагы № 6
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына калдык эсебиндеги акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Жергиликтүү бюджетинен жана атайын каражат эсебинен 2023-жылдын 1-январына калган калдыгын пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин №44-беренесинин 4-пунктуна” негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Бюджеттик жылдын ичиндеги жергиликтүү бюджеттерде бюджетти аткаруу процессинде алынган кошумча кирешелерди жана жүргүзүлгон чыгымдардан үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу тартиби жөнүндө методикалык көрсөтмөнүн долбооруна ылайык С.Атабеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин калдык эсебиндеги каражаттар төмөнкү тартип менен тиркемелерге ылайык белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу 2022-жыл эсебинен курулуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тузүлгөн келишимдерге ылайык жалпы 4662,9 миң сом каражат №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Сузак райондук өнүктүрүү Фонду аркылуу биргелешкен долбоорлорду кошо каржылоого 283,8миң сом каражат №2- тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктурүү программасын ишке ашырууга 9357,2 миң сом каражат №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2022-жыл эсебинен ата-энелердин төлөмдөрүн эсебинен калдык болуп өткөн, тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 308,0 миң сом каражат №4-тиркемеге ылайык бекитилип, 2218 “ Тамак-аш” беренесине жумшалсын.
Жалпы, 2023-жылдын 1-январына жергиликтүү бюджет жана атайын каражат эсебинин калдыгы 14611,9 миң сомду түзөт.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык 2023-жылга бекитилген бюджеттин киреше-чыгашаларынын планын тактоо, Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
7. Токтомдо бекитилген акча каражатын натыйжалуу бөлүштүрүү жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Эралиев |