Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-февралындагы № 7
Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 17.02.2023-жылкы №94 кайрылуусунун негизинде айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курбанова Энахандын жеке менчигиндеги 3-05-10-1005-0964 коду менен “Кадастр” мамлекеттик ишканасында катталган Бек-Абад айылынын Исманов Осмон Көчөсүнүн №31 дарегинде жайгашкан 0,056 гектар жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.
4. Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |