Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-февралындагы № 8
С.Атабеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “ЭКО- тазалык” Муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин төрагасы А.Эралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “ЭКО-тазалык” Муниципалдык ишканасын ачуу жана иш алып баруу боюнча Уставы иштелип чыгып, 2023-жылдын 11-январындагы коомдук угууда талкуулангандыгы жана коомго тааныштырылгандыгы белгиленсин.
2. С.Атабеков айыл аймагында “ЭКО-тазалык” муниципалдык ишканасы ачылсын.
3. Муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.
4. Токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы С.Атабеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке милдеттендирилсин.
6. Токтом atabek.my1.ru сайтына киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |