Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-марты № 32/VII-29
“Милянфан” жана “МИС-СУУ” сугат суу пайдалануучулар
ассоциацияларынын сугат тармактарын өткөрүп берүү жөнүндө
Азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналган суу пайдалануучулардын суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна ылайык Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан түзүлгөн жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгынын жана Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 24-мартындагы №01-9/667 катынын негизинде Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ак-Кудук айыл аймагындагы “Милянфан” жана “МИС-СУУ” сугат суу пайдалануучулар ассоциацияларына караштуу сугат тармактары Ысык-Ата райондук сугат суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер, турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Дж.Маванкуй |