Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-февралындагы № 9
Мундуз айылына мүрзө үчүн жер ажыратып берүүгө уруксат берүү жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 17.02.2023-жылдын №86 кайрылуусунун негизинде С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын он экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Мундуз айылындагы мүрзөнүн жанындагы № 6 контурундагы 2,0 гектар мамлекеттик фондунун сугат айдоо жер аянтына көрүстөн уюштуруу үчүн айыл чарба жерлери категориясынан өнөр жайдын жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.
4. Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |