Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-февралындагы № 10
Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 17.02.2023-жылдын №84 кайрылуусунун негизинде С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын он экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 17.02.2023-жылкы №84 кайрылуусунун негизинде Мундуз айылындагы Мундуз-Ширин авто жолунун ортосундагы бош жаткан 0,40 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке алынсын.
2. Токтомду аткаруу жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.
4. Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |