Редакцияот 28.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 28-апрели № 33/ VIII-29

 

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн киреше салыгынын суммасынан

30 пайызды Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Ак-Кудук айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрынын №821 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 15-жылдын 2024-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү

администрациялардын убактылуу жетекчилигине өткөрүп берүү боюнча

пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу” токтомунун 13-пунктунда көрсөтүлгөн пилоттук райондордун жергиликтүү бюджеттерине каралган киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды районду өнүктүрүү фонддорунун эсебине чегерүү маселесин

карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын болжолдонгон 17173,80 сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 5152,1 сом Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.

 

 

Төрага

 

Дж.Маванкуй