Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 31-октябрындагы № 1
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышын ишке ашыруунун негизинде 2022-жылга 1-ноябрына чейин жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин 1,3,4-пункттарына ылайык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджет эсебине планга кошумча түшкөн кирешелерди пайдалануу үчүн айыл өкмөтүнүн кайрылуусуна ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Классификациясы 11111100 “Салык агенти төлөгөн киреше салыгы” эсебинен 4020,8 миң сомго жана “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны сактап калуу үчүн жыйым” эсебинен 2757,2миң сом жалпы 6778,0миң сомго көбөйтүү менен өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык бюджеттик баланстуулукту сактоо максатында 70111 “Башкаруу” бөлүмүнө 2214 “Транспорттук чыгымдары” беренесине 20,0 миң сом, 2215 “Башка кызматтарды сатып алуу” беренесине 660,0миң сом,71092 “Социалдык коргоо” бөлүмүнүн 2721 “Жөлөк пул”беренесине 20,0 миң сом, 70921 “Орто мектептер” бөлүмүнүн 2212 “Байланыш кызматы” беренесине 288,0 миң сом, 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренесине 70,0 миң сом, 3112 “Машиналар жана жабдуулар “ беренесине 284,0 миң сом, “Толук эмес орто мектептер” бөлүмүнүн 3111 “Имаратттар жана курулиалар “ беренесине 30,0 миң сом, 3112 “Машиналар жана жабдуулар “ беренесине 68,0 миң сом, 70629 “Коммуналдык чарба” бөлүмүнүн 2215 “Башка кызматтарды сатып алуу” беренесине 430,0 миң сом, 2221 “Мүлктөрдү учурдагы оңдоо” беренесине 850,0 миң сом, 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренесине -3558,0 миң сом, 3112 “Машиналар жана жабдуулар” беренесине 500,0 миң сомго бекитилсин.
3. “Толук эмес орто мектептер” бөлүмүнүн 3111 “Имараттар жана курулмалар “беренесиндеги 311,3 миң сом каражат “Орто мектептер” бөлүмүнүн 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренесине жылдырылсын.
4. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын ноябрь айынан тартып мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иштеген кызматкерлердин тамак-ашы үчүн 0,6 миң сом өлчөмүндө белгиленип атайын каражаттар эсебине классификациясы 14232400 “Мектепке чейинки жана мектеп мекемелери тарабынан кошумча кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөөгө “265,4 миң сомго көбөйтүү менен өзгөртүүлөр киргизилсин.
5. Бюджеттик баланстуулукту сактоо максатында 70911 “Балдар бакчасы” бөлүмүнүн атайын каражат эсебине 2218 “Тамак-аш” беренесине 265,4 миң сомго бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык 2022-жылга бекитилген бюджеттин киреше-чыгашаларынын планын тактоо, Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
7. Токтомдо бекитилген акча каражатын натыйжалуу бөлүштүрүү жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
8. Токтом atabek.my1.ru сайтына киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |