Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 3-ноябрындагы № 2
Турк-Абад айылынын №61 контурунан мүрзө үчүн жер ажыратып берүүгө уруксат берүү жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Турк-Абад айылынын тургундарынан келип түшкөн кайрылуунун негизинде айыл өкмөтүнүн №61 контурунан маркумдарды коюучу мүрзө үчүн 2 гектар жер аянтын мыйзам чегинде ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2. Жер ажыратып берүүнү мыйзамдын негизинде тийиштүү мекемелер аркылуу чечип берүү жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |