Редакцияот 28.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 28-апрели № 34/VIII-29

Каржы каражаттарын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Айылдык кеңешинин сессиясында “Ак-Кудук” муниципалдык ишканасына таза суу системасындагы жарактан чыккан насосторду оңдоо жана жаңыртуу боюнча иштерге каражат бөлүп берүү жөнүндө маселени талкуулап чыгып Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:

1.”Ак-Кудук”  муниципалдык ишканасына насосторду оңдоо жана жаңыртуу иштери үчүн 200 000 сом субсидия  бөлүүгө макулдук берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнө жана Ак-Кудук айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар, инвестициялар жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Дж.Маванкуй