Редакцияот 28.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 28-апрели № 35/VIII-29

 

2025-жылга  карата Ак-Кудук  айыл аймагында малдын

башына акы жана жайыттарды пайдалангандагы үчүн

төлөмдү бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 “Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” бекитилген токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө”  мыйзамынын 4,8 жана 10-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобонун” негизинде, жайыт жерлерин пайдалануунун эффективдүүлүгү жана сарамжалдуу башкаруу максатында Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:

1.2025-жылга мал жандыктары үчүн төмөндөгүдөй төлөм бекитилсин:

- бодо мал  -1 баш -120 сом;

- жылкы    -  1 баш -120 сом;

- кой-эчки  - 1 баш- 50 сом;

2.2025-жылга жайыт жерлерди мал жаюудан тышкары максатта пайдалангандыгы үчүн төмөндөгү тарифтер бекитилсин:

 -туризм жана жарандардын эс алуусу үчүн 0,01га – 300 сом;

3.Бул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык кеңешинин жер, турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Дж.Маванкуй