Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 3-ноябрындагы № 4
С.Атабеков айыл аймагында айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынын зоналдык коэффициентин көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна жана С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнө таянып С.Атабеков айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. С.Атабеков айыл өкмөтүндө айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынын коэффициенти , айыл өкмөтүнүн калкынын саны 30011 болгондугуна байланыштуу , айыл чарба эмес багытындагы жер салыктын нарктык баасы Салык Кодексинин 404-беренесине негиз 0,3-2,0 ге чейин көтөрүлсүн.
2. Айыл чарба эмес багытындагы жерлердин зоналдык коэффициентинин өлчөмү 1,2 ге көтөрүлүп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү С.Атабеков айылдык кеңешинин каржы (бюджет) боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |