Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 3-ноябрындагы № 5
Кызыл-Багыш айылынын Кыдырша участкасына фельдшердик-акушерлик пункт курууга жана мүрзө үчүн жер ажыратып берүүгө уруксат берүү жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Кызыл-Багыш айылынын тургуну Алманбекова Айнура Акимбекованын жеке арызынын негизинде С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Кызыл-Багыш айылынын тургуну Алманбекова Айнура Акимбекованын жеке арызынын негизинде Кызыл-Багыш айылындагы 305-10-1013-0238 сыр белгиси менен катталган жердин 0,30 гектар жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Муниципалдык менчикке алынган 0,30 гектар жер аянтынын 0,25 гектар жер аянтын мүрзө үчүн жана 0,05 гектар жер аянты фельдшердик- акушерлик пункт куруу үчүн мыйзам чегинде ажыратылып берилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |