Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 3-ноябрындагы № 6
Жийде айылынан 4 гектар жер жоопкерчилиги чектелген коому на ажыратып берүү жөнүндө
Асфальт заводунун кызматкерлеринин, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин корутундусунун негизинде жана депутат Хажиматов Бегали Ормонбековичтин сунушунун негизинде С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Жийде айылынан белгиленип суралган жалпы 4,0 гектар жер аянтынын ичинен №696 контурдагы 0,80 гектар бөлүгү, №694 контурдагы 0,80 гектар бөлүгү жана №666 контурдагы 0,50 гектар бөлүгү башка жер (галечник) болуп , ал эми №681контурдагы 1,90 гектар бөлүгү мелиоративдик даярдоодогу жерлер болуп көрсөтүлгөн жана картографтар тарабынан тактоодо бул жерлерге эч кимдин укугу катталбагандыгына байланыштуу “Ч-Ками” жоопкерчилиги чектелген коомуна ажыратып берилсин.
2. Жер ажыратып берүүнү мыйзамдын негизинде тийиштүү мекемелер аркылуу чечип берүү жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |