Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 3-ноябрындагы № 7
Жаңы-Жер айылынан 1 гектар жер аянтын ажыратып берүүгө уруксат берүү жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынан 1 гектар жер аянтын “Урмат М” Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна өндүрүш жана айыл чарба багытында пайдалануу үчүн мыйзам чегинде ажыратып берилсин.
2. Жер ажыратып берүүнү мыйзамдын негизинде тийиштүү мекемелер аркылуу чечип берүү жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
4.Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |