Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 6-октябрындагы № 1
Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 05.10.2022-жыл №56-т Токтомунун негизинде С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 05.10.2022-жыл №56-т Токтомунун негизинде жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу жөнүндөгү токтомунун негизинде Мундуз айылындагы №69 Жаанбай Узаков атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушуна кошумча ажыратылган №486 контурундагы 0.45 гектар жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Тийиштүү иш кагаздарды даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Исканаджиев Касым Акрамовичке милдеттендирилсин.
3. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.
4. Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |