Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 6-октябрындагы № 2
Муниципалдык менчик жерлерин бириктирүү жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде С.Атабеков айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Мундуз айылындагы №69 Жаанбай Узаков атындагы орто мектебинин 305-10-1009-0297 сыр белгиси менен катталган 26.02.2018-ж мамлекеттик акттын жана С.Атабеков айылдык кеңешинин кезексиз онунчу сессиясынын №1 токтомунун негизинде муниципалдык менчикке алынган №486 контурундагы 0.45 гектар жер аянтын бириктирип мамлекеттик акт даярдалсын.
2. Тийиштүү иш кагаздарды даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Исканаджиев Касым Акрамовичке милдеттендирилсин.
3. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.
4. Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |