Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-июлундагы № 10
Мундуз айылындагы айыл чарба багытындагы суулуу 0,45 гектар жер аянтын калктуу конуш жер аянтына которуу жөнүндө
Жалал-Абад облусунун жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 22.07.2022-жыл №01.06.374-корутундусун эске алып жана Мундуз айылынын тургундарынын көйгөйүн чечүү максатында С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Мундуз айылындагы мамлекеттик фондунун эсебиндеги 1985-жылдагы аэро сүрөт планшети боюнча №74 контур, азыркы №486 контурундагы 0,45 гектар жер аянтына окуу мектебинин имаратын куруу үчүн, сугат айдоо жер категориясынан калктуу конуш категориясына которулсун.
2. Тийиштүү иш кагаздарды (трансформациялоого) даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.А Исканаджиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.
4. Токтом atabek.my1.ru майтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |