Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1-1
Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 мыйзамынын 40-беренесин жетекчиликке алып, айылдык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын токтомунун негизинде Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк 19 добушуна ээ болгон Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Сатвалдиев Абдижалил Алиевич Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.
2. Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланган Сатвалдиев Абдижалил Алиевичке айылдык кеңешке тиешелүү иш кагаздары боюнча иш алып баруу милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрайым: | Б. Абдувалиева |