Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1-2
Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 мыйзамынын 41-беренесин жетекчиликке алып жана айылдык кеңештин регламентине ылайык, айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Махамматов Нозимжон Артикназарович Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалсын.
2.Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Холматов Шерзодбек Холкизиевич Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин төрагасынын экинчи орун басары болуп дайындалсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А. Сатвалдиев |