Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1-3
Дөбө-Коргон айыл аймагында III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №271 Жарлыгына жана Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы № 6 чечими менен бекитилген “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Достук айыл аймагында III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоонууюштуруу жана өткөрүү максатында Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Элдик Курултайдын катчылыгы бекиткен календардык планга ылайык, Дөбө-Коргон айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрында өткөрүлсүн.
2.Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы №6 чечими менен бекитилген “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Дөбө-Коргон айыл аймагында кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык,
- 2024-жылдын 7-декабрында өткөрүлүүчү өкүлчүлүктүү жыйынга квота боюнча 200 катышуучунун санын айылдарга бөлүнүшү 2-тиркемеге ылайык;
- айылдарда коомдук жыйындарды өткөрүү графиги жана ага жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттары 3-тиркемеге ылайык.
3. Дөбө-Коргон айыл аймагында III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ жана жергиликтүү кеңештин жооптуу депутаттары айылдарда өтүүчү жыйындардын өз убагында сапаттуу өткөрүлүшүн камсыз кылышсын.
4.Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча айылдык кеңештин токтомдорун, коомдоштуктардын жана өкүлчүлүктүү жыйындардын протоколдорун мөөнөтүнөн кечиктирбестен Араван районунун мамлекеттик администрациясынын уюштуруу бөлүмүнө берүү жагы Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин жоопту катчысы М.Муминовага жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А. Сатвалдиев |