Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1-4
Дөбө-Коргон айыл аймагынын Какыр-Пилтан айылында № 171 контурунда жайгашкан 7,10 га айыл чарба багытындагы жер үлүшүнөн пайдаланууга берилген жеке менчиктеги жер тилкесин, айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонд жерине алмаштыруу жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан айыл аймагына консерва заводун куруу жана логистикалык борбор ачууга инвестиция тартуу максатында Какыр-Пилтан айылында жайгашкан № 171 контурундагы 7,10 га айыл чарба багытында жер үлүшүнөн пайдаланууга берилген жеке менчиктеги жер тилкесин, үлүш ээлеринин макулдугу менен аларга айыл чарба багытында мамлекеттик фонд жеринен жер үлүшү ажыратып берүүгө Дөбө-Коргон айылдык кеңеши тарабынан макулдук берүү боюнча сунушу айылдык кеңеш депутаттары тарабыннан талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, Кадастр, Геодезия жана Кортография боюнча Мамлекеттик Агенттик “КыргызМамЖерДолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ош филиалы тарабынан 27.11.2024-жылда берилген № 01-8-885 сандуу корутунду негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” № 123 Мыйзамына ылайык Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагынын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан № 171 контурунда айыл чарба багытында ,жер үлүшүнөн пайдаланууга берилген жеке менчиктеги жер тилкесинде үлүш ээлеринин макулдугу менен 7,10 га жер тилкеси айыл аймагына консерва заводун куруу жана логистикалык борбор ачууга инвестиция тартуу максатында № 171 контурундагы айыл чарба багытындагы жер үлүшүнөн пайдаланууга берилген жеке менчиктеги жер тилкесиндеги үлүш ээлерине Дөбө-Коргон айыл аймагында мамлекеттик фонд жерлеринен жер үлүшү ажыратып,берүүгө макулдук берилсин.
2.Дөбө-Коргон айыл аймагынын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан № 171 контурунда айыл чарба багытында жер үлүшүнөн пайдаланууга берилген жеке менчиктеги жер тилкесинде үлүш ээлерини макулдугу менен 7,10 га жер тилкеси айыл аймагына консерва заводун куруу жана логистикалык борбор ачууга инвестиция тартуу максатында № 171 контурундагы айыл чарба багытындагы жер үлүшүнөн пайдаланууга берилген жеке менчиктеги жер тилкесиндеги үлүш ээлерине Дөбө-Коргон айыл аймагында мамлекеттик фонд жерлеринен жер үлүшү ажыратып берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарыны даярдоо боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Сатвалдиев |