Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1-5
Дөбө-Коргон айыл аймагынын Какыр-Пилтан айылында № 171 контурунда жайгашкан 7,10 га айыл чарба багытында жер үлүшүнөн пайдаланууга берилген жеке менчиктеги жер тилкесини айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонд жерине алуу жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан айыл аймагына консерва заводун куруу жана логистикалык борбор ачууга инвестиция тартуу максатында Какыр-Пилтан айылында жайгашкан № 171 контурундагы 7,10 га айыл чарба багытындагы жер үлүшүнөн пайдаланууга берилген жеке менчиктеги жер тилкесинде үлүш ээлерини макулдугу менен аларга айыл чарба багытында мамлекеттик фонд жеринен, жер үлүшү ажыратып, берилип жаткандыгына байланыштуу, Какыр-Пилтан айылында жайгашкан № 171 контурундагы айыл чарба багытындагы жер үлүшүнөн пайдаланууга берилген жеке менчиктеги 7,10 га жер тилкесини мамлекеттик фонд жерлерине алуу боюнча сунушу Дөбө-Коргон айылдык кеңеши тарабынан макулдук берүү боюнча сунушу айылдык кеңеш депутаттары тарабыннан талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, Кадастр, Геодезия жана Кортография боюнча Мамлекеттик Агенттик “КыргызМамЖерДолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ош филиалы тарабынан 27.11.2024-жылда берилген № 01-8-885 сандуу корутунду негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” № 123 Мыйзамына ылайык Дөбө-Коргон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагынын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан № 171 контурунда айыл чарба багытында жер үлүшүнөн пайдаланууга берилген жеке менчиктеги жер тилкесиндеги үлүш ээлерини макулдугу менен 7,10 га жер тилкесини айыл чарба багытында мамлекеттик фонд жерлерине өткөрүүгө макулдук берилсин
2.Дөбө-Коргон айыл аймагынын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан № 171 контурунда айыл чарба багытындаг жер үлүшүнөн пайдаланууга берилген жеке менчиктеги жер тилкесинде үлүш ээлерини макулдугу менен 7,10 га жер тилкесини айыл чарба багытында мамлекеттик фонд жерлерине өткөрүү боюнча тиешелүү иш кагаздарынын даярдоо боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Сатвалдиев |