Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1-6
Дөбө-Коргон айыл аймагынын Какыр-Пилтан айылында № 171 контурунда жайгашкан айыл чарба багытында мамлекеттик фонд жерине консерва заводу куруу жана логистикалык борбор ачууга инвестиция тартуу максатында 7,10 га жер тилкесини багытын өзгөртүү (трансформациялоо) жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан айыл аймагына консерва заводун куруу жана логистикалык борбор ачууга инвестиция тартуу максатында Какыр-Пилтан айылында жайгашкан айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонд жерине алынган № 171 контурундагы 7,10 га жер тилкесини багытын өзгөртүү (трасформациялоо ) үчүн Дөбө-Коргон айылдык кеңеши тарабынан макулдук берүү боюнча сунушу айылдык кеңеш депутаттары тарабыннан талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, Кадастр, Геодезия жана Кортография боюнча Мамлекеттик Агенттик “КыргызМамЖерДолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ош филиалы тарабынан 27.11.2024-жылда берилген № 01-8-885 сандуу корутунду негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” № 123 Мыйзамына ылайык Дөбө-Коргон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагынын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан № 171 контурундагы айыл чарба багытында мамлекеттик фонд жерлеринен консерва заводун куруу жана логистикалык борбор ачууга инвестиция тартуу максатын багытка өзгөртүү (трансформациялоо ) үчүн Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн райондук жер комиссиясына сунушталсын.
2.Дөбө-Коргон айыл аймагынын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан № 171 контурунда айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонд жерлеринен консерва заводун куруу жана логистикалык борбор ачууга инвестиция тартуу максатында 7,10 га жер тилкесини максаттуу багытка өзгөртүү (трансформациялоо ) үчүн, Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн райондук жер комиссиясына тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Сатвалдиев |