Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №04-1
Дөбө-Коргон айыл аймагында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл аймагында СПА, ИСКАКБ жана жайыт комитети коомдук бирикмелерин бириктирип, муниципалдык ишканаларды түзүү жөнүндө сунушу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан угулуп, талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагындагы СПА, ИСКАКБ жана жайыт комитети коомдук бирикмелерин бириктирип, “Дөбө-Коргон” муниципалдык ишканасын түзүү үчүн макулдук берилсин.
2.“Дөбө-Коргон” муниципалдык ишканасын түзүү боюнча керектелүүчү документтерин даярдоо жагы Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: | А.Сатвалдиев |