Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №04-4
Дөбө-Коргон айыл аймагында футболду өнүктүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-мартындагы “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралары жөнүндөгү” № 81 Жарлыгынын негизинде , “Тепе-Коргон футбол клубу” коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын регионалдык лигасына катышуу үчүн 700 миң акча каражаты бөлүп берүү боюнча сунушу, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан угулуп, талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Тепе-Коргон футбол клубу” коомдук бирикмесин сунушу эске алынып 300000 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүп берүү боюнча макулдук берилсин.
2.Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам чегинде “Тепе-Коргон футбол клубу” эсеп счетуна которуп берүү ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Сатвалдиев |