Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-июлу №5-5
Дөбө-Коргон айылдык аймагына караштуу айылдардын Башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба,мамлекеттик агенттнине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Дөбө-Коргон айыл аймагындагы Жаңы-Абад, Жаңы-Жол, Уйгур-Абад, Тепе-Коргон жана Какыр-Пилтан айылдарынын Башкы пландарынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Дөбө-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбө-Коргон айылдык аймагындагы Жаңы-Абад, Жаңы-Жол, Уйгур-Абад, Тепе-Коргон жана Какыр-Пилтан айылдарынын Башкы пландарынын долбоору алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Шамшидиновго жана жер боюнча башкы адис И.Тойчиевге милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н. Махамматов |