Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-июлу № 5-8
Мангыт айылынын тургуну Н.Абдужалиловдун арызы жөнүндө
Мангыт айылынын тургуну Н.Абдужалилов арыз жазып Көк сарайдагы №94-контурундагы жайыт жеринен,мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 0,20 га жерге короо үй салганга уруксат сурап жазган арызы айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкуулап, Дөбө-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк сарайдагы №94-контурундагы жайыт жеринен мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 0,20 га жерге короо үй салуу боюнча уруксат берилбесин.
2. Көк сарайдагы №94-контурундагы жайыт жеринен мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 0,20 га жерге короо үй салуу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н. Махамматов |