Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-июлу № 5-9
Тепе-Коргон айылындагы мечитке кошуп берилген 100 чарчы метр жер тилкесинин багытын өзгөртүп берүү жөнүндө
Тепе-Коргон айылынын тургуну Худайназаров Абдулхаким Абдиназаровичтин менчигиндеги багыты коммерциялык болгон жер тилкесинен 100 чарчы метр жер тилкесин мечитке кошуп бергендиги үчүн багытын өзгөртүү боюнча уруксат сурап жазган арызы айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкуулап, Дөбө-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тепе-Коргон айылынын тургуну Худайназаров Абдулхаким Абдиназаровичтин менчигиндеги багыты коммерциялык болгон жер тилкесинен 100 чарчы метр жер тилкесин мечитке кошуп бергендиги үчүн багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бүл токтомдун көзөмөлдөө жагы жер жана мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н. Махамматов |