Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-июлу № 5-10
Дөбө-Коргон айыл аймагынын Кайрагач-Арык айылындагы маданият үйү жайгашкан муниципалдык менчиктеги жер тилкесине ООО “ НУР Телеком” ишканасынын уюлдук байланыш антенасын орнотуу үчүн жер тилкеси ажыратып берүү жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл аймагынын Кайрагач-Арык айылындагы маданият үйү жайгашкан муниципалдык менчиктеги жер тилкесине ООО “ НУР Телеком” ишканасынын уюлдук байланыш антенасын орнотуу үчүн жер тилкеси бөлүп берүү боюнча сунуш айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкуулап, Дөбө-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагынын Кайрагач-Арык айылындагы маданият үйү жайгашкан муниципалдык менчиктеги жер тилкесине ООО “ НУР Телеком” ишканасынын уюлдук байланыш антенасын орнотуу үчүн 25 чарчы метр жер тилкеси бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Дөбө-Коргон айыл аймагынын Кайрагач-Арык айылындагы маданият үйү жайгашкан муниципалдык менчиктеги жер тилкесине ООО “ НУР Телеком” ишканасынын уюлдук байланыш антенасын орнотуу үчүн ажыратып берүүгө макулдук берилген 25 чарчы метр жер тилкесине тиешелүү документтерин даярдап берүү боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы жер жана мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н. Махамматов |