Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-сентябры № 06-2
Дөбө-Коргон айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштруунун жана пайдалануунун эрежелерин Жобосун бекитүү жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштруунун эрежелерин Араван районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан макулдашып бекитилген Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021—жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө №123 мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн суранычы айылдык кеңештин депутаттары тарабынан угулуп, талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштруунун жана пайдалануунун Эрежелерин Араван районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан макулдашып бекитилген Жобонун негизинде иш алып барууга макулдук берилсин.
2.Дөбө-Коргон айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштруунун эрежелерин Араван районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан макулдашып бекитилген Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021—жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө №123 мыйзамынын 34-беренесинин негизинде
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
Төрага: | Н. Махамматов |