Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-сентябры № 06-4
Билим берүү мекемелеринде кесиптик конуш мүчөлөрүнүн эмгек укуктарын, социалдык – экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө үч тараптуу келишимди бекитүү жөнүндө
Билим берүү мекемелеринде профсоюз уюмунун карамагындагы профсоюз мүчөлөрүнүн эмгегин, эмгек укуктарын, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, өнөктөштүктү өнүктүрү боюнча айыл өкмөт башчысы, мектеп директору жана баштапкы профсоюз уюмунун төрагасынын ортосундагы тыгыз байланышкан иштерди жүргүзүү максатында 2024-2026-жылдарга карата үч тараптуу келишими айылдык кеңештин депутаттары тарабынан угулуп, талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Билим берүү мекемелеринде профсоюз уюмунун карамагындагы профсоюз мүчөлөрүнүн эмгегин, эмгек укуктарын, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, өнөктөштүктү өнүктүрү боюнча айыл өкмөт башчысы, мектеп директору жана баштапкы профсоюз уюмунун төрагасынын ортосундагы тыгыз байланышкан иштерди жүргүзүү максатында 2024-2026-жылдарга карата үч тараптуу келишими боюнча макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
Төрага: | Н. Махамматов |