Редакцияот 18.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз

8-сессиясы

 

     2025-жылдын 18-июну № 8-4

 

Дөбө-Коргон айыл аймагынын Жаңы-Жол айылынын Жаңы-Чек тургундарынын жазган арызы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасындагы географиялык  аталыштар жөнүндө мыйзамынын 6-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык, Жаңы-Чек тургундарынын жазган арызын депутаттар угуп, талкуулап чыгып, Дөбө-Коргон аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Жол айылындагы наамы жок көчөсүнө Мирзакаримов Жолдош деп наам берүүгө макулдук берилсин.

 

2.Документтерин даярдоо иштери айыл өкмөткө милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

А.Сатвалдиев