Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-марты № 6-2
Дөбө-Коргон айыл аймагынын Какыр-Пилтан айылындагы № 187 контурунда жайгашкан айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонд жерине консерва заводу куруу жана логистикалык борбор ачууга инвестиция тартуу максатында 7,0 га жер тилкесин багытын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан айыл аймагына консерва заводу куруу жана логистикалык борбор ачууга инвестиция тартуу максатында Какыр-Пилтан айылында жайгашкан айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонд жерине алынган № 171 контурундагы 7,10 га жер тилкесини 1-сессиясында №2-4 токтому чыгып райондук комиссияга тийиштүү документтер жөнөтүлгөн бирок бул жер үлүш болгондугуна байланыштуу райондук комиссия документтерди кайтарып жиберген. Ушунун негизинде Какыр-Пилтан айылында жайгашкан КБФ жеринен №187 контурдан 7,0 га жерди өнөр жай багыты боюнча жер ажыратып, багытын которуу (трасформациялоо ) боюнча Дөбө-Коргон айыл өкмөтү тарабынан макулдук берүү боюнча сунушу айылдык кеңеш депутаттары тарабынан талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, Кадастр, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” № 123 Мыйзамына ылайык Дөбө-Коргон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагынын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан № 187 контурунда айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонд жерлеринен консерва заводу куруу жана логистикалык борбор ачууга инвестиция тартуу максатында, 7,0 га жер тилкесин максаттуу багытын өнөр жай багытына которуу (трансформациялоо ) үчүн Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн райондук жер комиссиясына сунушталсын.
2.Дөбө-Коргон айыл аймагынын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан КБФ жеринен №187 контурундагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонд жерлеринен консерва заводу куруу жана логистикалык борбор ачууга инвестиция тартуу максатында 7,0 га жер тилкесин максаттуу багытын которуу (трансформациялоо ) үчүн Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн райондук жер комиссиясына тиешелүү иш кагаздарыны даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунуштасын.
3.Токтомду аткарылышыны көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Сатвалдиев |