Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-марты № 6-3
Дөбө-Коргон учаскалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келип түшкөн сунуштарды карап жана талкуулап чыгып, Дөбө-Коргон учаскалык шайлоо комиссиясынын курамын түзүү жана резервин толуктоо максатында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» № 123мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, , Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон участкалык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн айылдарынан чыккан талапкерлерди көрсөткөн протоколдору бекитилсин.
2.Дөбө-Коргон айыл аймагында аймактык шайлоо комиссиясына, комиссия курамынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун бекитип берүү жагы Араван аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага: | А.Сатвалдиев |