Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-марты № 6-4
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүндөгү жыл башында бекитилген акча каражаттарын сметаларынын беренелерин өзгөртүүгө жана өкмөткө караштуу балдар бакчалары атайын каражаттар бөлүгүнүн 2218- тамак аш сатып алуу беренеси жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловдун сунушу негизинде Дөбө-Коргон айыл өкмөтундөгү жыл башында бекитилген акча каражаттарын сметаларынын беренелерин өзгөртүүгө жана өкмөткө караштуу балдар бакчалары атайын каражаттар бөлүгүнүн 2218- тамак аш сатып алуу беренесин, 2024-жылдын сентябрь айынын баштап балдар бакчаларына тамак-аш сатып алуу толугу менен ата-энелер эсебине өткөндүгүнө байланыштуу, 2025-жылдын атайын каражаттар бөлүгүнүн 2218-тамак аш сатып алуу беренесине кошумча 9470,0 миң сом сментага кошуп берууну, угуп жана айылдык кеңештин депутаттарын ой пикирлерин талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтундө 2025-жылдын атайын каражаттар бөлүгүнүн 2218 тамак аш сатып алуу беренесине кошумча 1жыл ичинде 9470,0 миң сом сметага кошуп берууга макулдук берилсин.
2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын атайын каражаттар бөлүгүнүн 2218 тамак аш сатып алуу беренесине кошумча 1 жыл ичинде 9470,0 миң сом сметага кошуп беруу боюнча иш алып баруу жагы ФЭБ башчысы Т.Акулов милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин экономика , бюджет жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: | А.Сатвалдиев |