Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 642 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмүн берүү
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмүн берүү тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку “Бала Береке” төлөмүн берүү (мындан ары – бир жолку “Бала Береке” төлөмү) тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Бир жолку “Бала Береке” төлөмү Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашаган 2026-жылдын 1-январынан тартып төртүнчү жана ар бир кийинки баласын төрөгөн көп балалуу энелерге баласы бир жашка чыкканда чектелет.
3. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөөдө райондук коэффициенттер колдонулбайт.
4. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашаган 2026-жылдын 1-январынан тартып төрөгөн көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмүнүн өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленет:
1) 4-балага – 100000 (бир жүз миң) сом;
2) 5-балага – 600000 (алты жүз миң) сом;
3) 6-балага – 800000 (сегиз жүз миң) сом;
4) 7-балага – 1000000 (бир миллион) сом;
5) 8-балага – 1200000 (бир миллион эки жүз миң) сом;
6) 9-балага – 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
7) 10унчу жана андан кийинки балага – 2000000 (эки миллион) сом.
5. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн каржылоо булагы болуп республикалык бюджет эсептелет.
6. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында вахталык метод менен иштеген иштерге, сезондук жумуштарга тартылган кызматкерлерге/кызматкерлердин жубайларына жайылтылбайт.
7. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр жана терминдер:
1) арыз берүүчү – бир жолку “Бала Береке” төлөмүн алуучу же ал тарабынан ишеним кат боюнча алуучунун атынан жана анын кызыкчылыгында арыз берүүгө ыйгарым укук берилген адам;
2) бир жолку “Бала Береке” төлөмүн алуучу – Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашаган 2026-жылдын 1-январынан тартып төртүнчү жана андан кийинки балдарын төрөгөн, төртүнчү жана андан кийинки балдары бир жашка чыккан көп балалуу эне (Кыргыз Республикасынын жараны же кайрылман);
3) калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөр – калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын жазуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү;
4) социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөр – социалдык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү.
2-глава. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн
чектөө үчүн негиздер
8. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөө жөнүндө арыз берген учурда Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында 2 жылдан кем эмес мөөнөттө туруктуу жашаган 2026-жылдын 1-январынан баштап төртүнчү жана ар бир кийинки баласын төрөгөн Кыргыз Республикасынын жараны же кайрылман күбөлүгү бар көп балалуу эне бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөө укугуна ээ.
9. Бир жолку “Бала Береке” төлөмү төртүнчү жана ар бир кийинки бала бир жашка толгондо чектелет.
10. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөөгө арыз берүүдө балдардын төрөлүү тартибин эсепке алууда балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү бар болсо мурда каза болгон балдар эсепке алынат. 11. Бала бир жашка чыкканга чейин энеси каза болгон (өлгөн) учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Жобого ылайык баланын атына бала бир жашка толгондо ушул Тартипте каралган өлчөмдө мамлекеттик балдар аманаты ачылат.
12. Биринчи/экинчи баладан кийин үч эм/эгиз же андан көп бала төрөлгөн учурда бир жолку “Бала Береке” төлөмү төртүнчү жана кийинки балдарга ушул Тартиптин 4-пунктунда белгиленген өлчөмгө ылайык ар бирине өзүнчө чектелет.
Мында ар бир балага өзүнчө арыз берилет.
13. Бир жолку “Бала Береке” төлөмү төмөнкү учурларда чектелбейт:
1) арыз берүүчү тарабынан анык эмес документтер берилсе;
2) балдар толук мамлекеттин камсыздоосунда болсо;
3) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашагандыгы жөнүндө ырастаган документтери жок болсо;
4) кайрылман статусуна ээ болгонду кошпогондо, көп балалуу эне Кыргыз Республикасынын жараны болбосо;
5) бала (балдар) бир жашка чыкканга чейин каза болгондо (өлгөндө);
6) эгерде жарандар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда катталып, бирок иш жүзүндө ошол аймактарда жашабаса;
7) энесин ата-энелик укуктардан ажыратканда же чектегенде, ал дайынсыз жоголду, аракетке жөндөмсүз (жөндөмү чектелген) деп таанылганда, дарылоо мекемелеринде болгондо, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө, камакта кармоо жайларында болгондо, балдарды тарбиялоодон же алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон баш тартканда, тарбиялоо, дарылоо мекемелеринде, калкты социалдык коргоо мекемелеринде жана башка ушул сыяктуу мекемелерде балдарын алуудан баш тартканда жана мыйзамда белгиленген тартипте балдар ата-энесинин камкордугусуз калды деп таанылган башка учурларда.
3-глава. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн
чектөө үчүн кайрылуу тартиби
14. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөө үчүн арыз социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формада арыз берүүчү тарабынан берилет:
1) “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары – “Түндүк” ВЭӨС) аркылуу электрондук форматта ушул Тартиптин 20-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн тиркөө менен алар “Түндүк” ВЭӨСтө жок болгон учурларда;
2) эгерде “Түндүк” ВЭӨСтү колдонууга мүмкүн болбосо, арыз берүүчү жашаган жери боюнча ушул Тартиптин 20-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен түздөн-түз социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөргө арыз берүүгө укуктуу.
15. Арыз берүүчүнүн иш жүзүндө жашаган жери жана балдары менен чогуу жашагандыгы арыз берүүчү тарабынан анын арызында көрсөтүлөт.
16. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөөгө кайрылган күн болуп “Түндүк” ВЭӨСтө бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөөгө арыз катталган же ушул Тартиптин 20-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер болгон учурда социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө арыз берилген күн эсептелет.
17. Арыз берүүчүлөр социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөн бир жолку “Бала Береке” төлөмүн алуу маселелери боюнча түшүндүрмө алууга укуктуу.
18. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөө жөнүндө арыз берүү мөөнөтү бир жолку “Бала Береке” төлөмүн алууга укук келип чыккан күндөн тартып 6 айдан ашпоого тийиш.
19. Эгерде бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөө жөнүндө арыз берүү мөөнөтү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими учурунда бүтүп калса, анда бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөө жөнүндө арыз берүү мөөнөтү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алынган датадан тартып 30 календарлык күнгө узартылат.
20. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөө үчүн зарыл болгон документтер:
1) эненин паспорту же кайрылман күбөлүгү;
2) бардык балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (зарыл болгон учурда каза болгон балдардыкын кошо);
3) бир эле убакта эгиз же андан көп бала төрөлгөн учурда баланын туулгандыгы жөнүндө маалымкат (алардын төрөлгөн кезегин белгилөө үчүн);
4) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы барууга кыйын зоналарында жайгашкан калктуу конушта туруктуу жашагандыгын ырастаган жашаган жери боюнча каттоо жөнүндө маалымат;
5) бир жолку “Бала Береке” төлөмүн алуучунун банктык реквизиттери (алуучунун эсеби социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызматташуу жөнүндө келишим түзгөн банктардын биринде ачылышы керек).
4-глава. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн
чектөө жана чегерүү тартиби
21. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөө үчүн документтер төмөнкүлөрдө түзүлөт:
1) арыз электрондук түрдө берилгенде “Түндүк” ВЭӨСтүн базасында;
2) арыз кагаз түрүндө берилгенде социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары – АМС) базасында.
22. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм “Түндүк” ВЭӨСтүн жана АМСтин базасында арыз берүүчү тарабынан берилген маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун текшерет.
23. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм жетишпеген же тактоону талап кылган документтер жана маалыматтар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөрдө интеграциялоо аркылуу бир жумуш күндүн ичинде маалыматтарды сурайт.
24. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөө жөнүндө арыздарды каттоодо арыз берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы, барууга кыйын зоналарында жашагандыгы боюнча автоматташтырылган контролду камсыз кылат.
25. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөр бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөө жөнүндө арыздарды каттоодо төмөнкү бөлүгүндө автоматташтырылган контролду камсыз кылат:
1) балдардын фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) балдардын төрөлгөн датасы;
3) балдардын ата-энесинин жарандыгы;
4) балдардын жаңы фамилиясы, аты, атасынын аты (алар өзгөргөн учурда);
5) баланын жаңы идентификациялык жеке номери (ИЖН) – өзгөргөн учурда (асырап алуу, туулган күнүн өзгөртүү, ИЖНдеги каталарды оңдоо).
26. Жаңы электрондук арызды каттоого төмөнкү учурларда жол берилбейт:
1) баланын фамилиясын/атын/атасынын атын өзгөрткөндө фамилиясын/атын/атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттаганга чейин фамилиясы/аты/атасынын аты менен бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөө жөнүндө мурда катталган арызы бар болсо;
2) мурдагы ИЖН менен бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөө жөнүндө мурда катталган арызы бар болсо, баланын идентификациялык жеке номерин (ИЖН) өзгөрткөндө (асырап алууга, төрөлгөн датасын өзгөртүүгө, ИЖНдин каталарын оңдоого байланыштуу);
3) “ЖААК” АМСте баланын туулгандыгы тууралуу жазуусу актысы өчүп калса, анын негизинде социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бир жолку “Бала Береке” төлөмү чектелген жана чегерилген жана төлөнгөн болсо.
27. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чегерүү/чегерүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм тарабынан документтерди текшергенден кийин бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чегерүү жөнүндө арыз катталган күндөн тартып 5 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат.
28. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөө/чектөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде арыз берүүчүгө төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлайт:
1) электрондук түрдө арыз бергенде “Түндүк” ВЭӨС аркылуу;
2) смс-кабарламалар же жоопту арыз берүүчүнүн электрондук почтасына жөнөтүү аркылуу (кагаз түрүндө арыз берген учурда арыз берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн маалымдоо ыкмасын тандоого жараша).
29. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөөгө арыз берүүчүлөр чечим менен макул болбогон учурда сот тартибинде даттанууга укуктуу.
30. Бир жолку “Бала Береке” төлөмү социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм тарабынан бир жолку “Бала Береке” төлөмүн чектөө жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып эки жумуш күндүн ичинде социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишим түзүлгөн банкта арыз берүүчү тарабынан ачылган банктык эсепке каражаттарды чегерүү жолу менен накталай эмес формада жүргүзүлөт.
5-глава. Мониторинг жана жоопкерчилик
31. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн туура эмес чектөөгө алып келген анык эмес маалымкаттарды берген адамдар жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн кайрылганда атайылап жалган маалыматтарды берүүгө күнөөлүү адамдар, бир жолку “Бала Береке” төлөмүн туура эмес чектөөгө жана төлөөгө күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына же кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
32. Бир жолку “Бала Береке” төлөмүн алуучулар бир жолку төлөм чектелгенден жана которулгандан кийин аныкталган анык эмес документтердин негизинде төлөм алган учурда алынган акча каражаттарын ыктыярдуу түрдө эсепти жүргүзгөн социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм менен макулдашылган мөөнөттүн ичинде кайтарып берүүгө милдеттүү, ал эми баш тарткан учурда мамлекеттин каражаттары сот тартибинде өндүрүлөт.