Редакцияот 01.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы

 

2022-жылдын 1-мартындагы № 20

 

Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине ижара акы боюнча бааны бекитүү жөнүндө

С.Атабеков айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын алтынчы сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 

1. Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жерлерине, сүт-товар фермери, асыл тукумдуулук жана үрөнчүлүк чарба жерлерине 2022-жыл үчүн ижара акы баасы айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде бекитилсин.

2. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.

 

3. Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

А.Эралиев