Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТАЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 23-августу № 248-б
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология
жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ведомстволук формалык кийим жана кызматкердин айырмалоочу белгилери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 “Атайын жана ведомстволук форма кийимдерин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15- ноябрындагы № 263 токтомдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын (мындан ары- Кызмат) кызматкерлеринин ведомстволук формалык кийимдерин кийүүнү тартипке келтирүү максатында буйрук кылам:
1. Кызматтын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Документтер менен камсыз кылуу башкармалыгы бул буйрукту Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.
3. Кызматтын жетекчилери бул буйрукту жетекчилик жана иш алып баруу үчүн кабыл алышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 29-июлундагы 2022-жылдын № 1-д “Ведомстволук форма кийимдери, кызматкерлердин айырмалоочу белгилери жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Министрлигинин басма сөз кызматы менен биргеликте санариптештирүү бөлүмү:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык 2010-жылдын 26-февраль № 117 милдеттүү түрдө расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыяланган булагын, көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыны көрсөтүү менен мамлекеттик каттоо учүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин биринчи орун басары М.Р. Маметовго жүктөлсүн.
Министрдин м.а. |
| А.А. Сапаралиев |
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, Экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2024-жылдын 23 август № 248-П буйругуна |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл Кызматынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин
СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Форма кийимдеринин сүрөттөлүшү
1. Экологиялык жана техникалык көзөмөл боюнча мамлекеттик кызматкерлеринин формасы (мындан ары – мамлекеттик кызматкерлер) төрт комплекттен турат:
- сый кийим;
- күнүмдүк;
- талаачылык;
- лабораториялык (атайын кийим).
2. Сый кийим жана күнүмдүк комплектиге төмөнкүлөр кирет:
- кышкы пальто;
- бапак;
- кулакчындуу тумак;
- моюн орогуч;
- мээлей;
- плащ;
- фуражка;
- пилотка (кепка);
- китель;
- узун жана кыска жеңдүү көйнөктөр;
- жазгы-күзгү күрмө;
- кышкы, жазгы-күзгү жана жайкы бут кийим;
- шым.
Сый комплектидеги көйнөк, мээлей жана моюн орогуч ак түстө болот.
Жазгы-күзгү күрмө күнүмдүк комплектиге гана кирет.
3. Талаачылык комплектиге камуфляж кирет, ал бушлаттан, күрмөдөн, шымдан жана кончу бийик батинкеден турат.
Жылдын кыш мезгилинде бапак, кулакчындуу тумак жана кышкы бут кийим, жай мезгилинде - фуражка, пилотка жана кепка (панама) пайдаланылат.
4. Лабораториялык комплект (атайын кийим) лабораториялардын инспекторлору үчүн арналган жана такыядан, халаттан, мээлейден жана бахиладан (ак, көгүлтүр же боз түстөгү) турат.
5. Кышкы пальто.
Пальто эки жакка кымтыланма, денеге кыналып турат, ичине ватин салынган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү алты формалык топчуга топчуланат. Жакасы кайырмалуу лацкандары менен, жеңдери кош тигиштүү. Кенже, улук жана башкы кызмат орундарынын наамдары бар адамдары үчүн пальто кочкул көк түстөгү драптан тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар, жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн пальто боз түстөгү драптан тигилет. Жакасы каракүл, жеңдери тилик, кош тигиштүү, тиликке Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү кичине өлчөмдөгү экиден топчу кадалган.
Кызматкер аялдар үчүн - пальто денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө, бир жагына кымтыланма, жакасы кайырма, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт формалык топчуга топчуланат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар, жогорку административдик жана саясый кызматтагы аялдар үчүн пальто денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө, боз түстөгү кездемеден тигилет, эки жакка кымталанма, ичине ватин салынган. Жакасы кайырма, жаканын жогорку бөлүгүнө, кайрууларына жана манжеттерине каракүл салынган. Пальто Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алты формалык топчуга топчуланат.
6. Кышкы бут кийим.
Өтүк мех менен ичтелген кара булгаарындан ултарылат, эркектер үчүн кончу кыска жана аялдар үчүн кончу узун жасалат. Кончуна сыдырма салынган.
7. Плащ.
Плащ кочкул көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, төрт топчуга ичинен топчулануу бир жагына кымтыланма, ичилик салынган, тогоо менен курчалуучу куру бар. Жакасы кайырма, кесик каттамдуу. Өңүлөрү кокеткалуу, кыюуланган тилик чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу жана тигиш дал ортосунан өтүп, тилик чөнтөктүү. Учасы кокеткатлуу жана тигиш дал ортосунан өтүп, тилик болуп бүтөт. Жеңи кош тигиштүү, үч жагы тигилген жең тарткычтуу, анын бош учтары топчулукка топчуланат.
8. Жазгы-күзгү күрмө.
Жазгы-күзгү күрмө көчкул көк түстөгү суу өткөрбес кездемеден тигилет, бир жагына кымталанма, каптама жан чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары топчуга топчуланат. Төш чөнтөктөрүнө сыдырма салынган. Жакасы кайырмаю Топчулугу кайып тигилген бөйрөмчөсүндө, жеңдери бир тигиштүү орнотулма, алды жагы паталуу, ал пластмасса топчуларга топчуланат. Күрмөнүн белинде - көмүскө тартма. Баш чүмбөтүнө жана ичилигине синтепон учтарына, чөнтөктөрүнө жана капкалдырыктарына кооздоочу тигиш салынган.
9. Бапак.
Бапак кесилген конус түрүндөгү алкактан жана алкактын үстүңкү кырынан 4 см чыгып турган калпактан (төбөдөн) турат. Алкагы боз түстөгү накта каракүлдөн жасалат. Калпак төрт талаадан туруп, кочкул-көк түстөгү ноотудан тигилет. Төбөсүнүн үстү жагындагы тигиштерине эни 5-6 см болгон алтын түстөгү тасма кайчылаш бастыра тигилген.
Бапактын алкагынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет.
Эркектер үчүн бапак мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдарга гана берилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтардагы кызматкер аялдар үчүн боз түстөгү накта каракүлдөн беретка берилет.
10. Кулакчындуу тумак.
Тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы (маңдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү каракүлдөн жасалат. Төбөсү төрт талаадан туруп, маңдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) кочкул көк түстөгү күдөрүдөн тигилет. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат.
Аялдар үчүн кочкул көк түстөгү ноотудан тигилген беретка берилет.
11. Мээлей
Мээлей ичи мех менен кара булгаарыдан тигилет.
12. Моюн орогуч.
Моюн орогуч боз жана ак түстөгү жүндөн токулган кездемеден болот.
13. Фуражка.
Фуражка көк-жашыл түстөгү баркыт алкактуу кочкул көк кездемеден тигилет, алкагына жана кебине милте бастырылат. Алкагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки кичине топчуга өрүлгөн кош катар боо бекитилип, алкагында алтын түспөлдөнгөн кокарда болот. Маңдай кыры кара, лакталган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн алкагындагы маңдай кырынын үстүнө алтын түспөлдөнгөн өрүлгөн боодон башка, симметриялуу жайгашкан эки эмен бутагы түрүндөгү алтын түстүү кооздук да саймаланып салынат. Жайкы фуражка ак же ачык көк түстө болот.
Кызматкер аялдар үчүн фуражканын ордуна ак же кочкул көк түстөгү көк-жашыл милтеси бар тегерек формалуу шапочка (беретка, пилотка) берилет.
14. Күндө кийилүүчү китель-шым.
Бир жагына кымтыланма китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн үч топчуга топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү. Китель беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кичине өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама төш чөнтөктөрү, беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн чоңураак өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама жан чөнтөктөрү бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку жана саясый кызматтагы адамдар үчүн - китель эки жакка кымталанма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү жана тилкелүү тилик төш чөнтөктөрү бар, аялдар үчүн – топчулук сол жагында болот.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку жана саясый кызматтагы адамдар үчүн китель кочкул көк түстөгү габардинден тигилет, жакасы жана кайрылган жең учу көк-жашыл түстөгү милте менен кыйылган, милтенин эни 2,5 мм. Кызматкер аялдар үчүн топчулук сол жагында. Жогорку атайын наамдары бар адамдар сур түстөгү китель кийүүгө укуктуу.
Шым багелеги кое берилип, манжетсиз тигилген, улук жана башкы кызматтагы класстык чени бар адамдар үчүн эни 2,5 мм болгон жашыл түстөгү милте бастырылган. Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн шымдын милтелеринен 0,5 см аралыкта бүткүл узундугуна формалык шымдын тышкы тигиши боюнча эни 2,2 см болгон көк-жашыл түстөгү тилке бастырылып тигилген.
Кызматкер аялдарга форма шым берилишими мүмкүн.
15. Аялдардын кители жана юбкасы.
Аялдар үчүн китель жана юбка кочкул-көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилет.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки топчуга сол жагына топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт топчуга сол жагына топчуланат, эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар.
Юбка түз, тизеге чейин.
16. Жайкы китель.
Жайкы китель күндө кийилүүчү китель-шымдай эсе, болгону ачык боз түстөгү кездемеден тигилет.
17. Жайкы көйнөк.
Жайкы көйнөк көгүш түстөгү кездемеден тигилет, түз, орнотулма кыска жеңдүү, жең учу кайырмалуу, көк жашыл түстөгү милте менен кыюуланган. Төш чөнтөктөрү каптама, “бант” бүгүштүү жана топчуга топчуланган капкалдырыктуу. Жакасы кайырма лацкандары менен, топчулугу белге чейин, көйнөктүн жан чөнтөктөрү тилик болуп, кыюуланган, көйнөктүн юбкасы алды жагында беттеме бүгүштүү, белинде тоголуу куру бар.
18. Аялдардын шымдуу жайкы костюму.
Жайкы костюм кочкул көк түстүү кездемеден тигилет, орнотулма кыска жеңдүү, денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштөгү бир жагына кымталанма жакеттен турат, кайрылган жең учуна көк-жашыл түстөгү милте бастырылган, топчулугу көрүнбөйт, жакасы кайырма лацкандары менен, алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар, учасы бир тигиштүү, төш чөнтөгү тилик болуп, кыюуланган.
Шым түз, жан чөнтөктөрү бар, кайып тигилген кашатынын каптал тигишине көк-жашыл түстөгү милте бастырылган.
19. Күрмө
Күрмө кочкул көк түстөгү жарым-жартылай жүн кездемеден тигилет, сыдырма салынган тилик жан чөнтөктөрү бар, кайырма жакалуу, бел кур жана ичилик салынган. Өңүрлөрү кокеткалуу, кокеткалар бастыра тигилген тигиштерге капкалдырыктуу жана “беттеме” бүгүштүү каптама чөнтөктөр салынган. Учасы ортосунда тигиши бар кокеткалуу. Жеңи кош тигиштүү, учтарына тилиги бар манжета салынган.
Чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары, манжеталар жана бел кур Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн формалык топчуларга топчуланат.
Кызматкер аялдар үчүн күрмөнүн формасы ушундай эле.
20. Сырт көйнөк.
Узун жеңдүү көйнөк ак же көгүлтүр түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, бел кур салынган.
Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу, жеңи тилик жана манжета салынган. Көйнөктүн алды, манжеталары жана бел куру топчуга топчуланат.
Узун жеңдүү көйнөк манжета салынып, көгүлтүр же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кыска жеңдүү көйнөк ак же көгүлтүр түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки төш чөнтөгү бар, бел кур салынган. Алды жагы этегине чейин ачык.
Учасы кокеткалуу. Көйнөктүн алды, капкалдырыктар жана бел кур топчуга топчуланат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн көйнөктүн бел куру резинкага бекитилет. Кыска жеңдүү көйнөк көгүлтүр же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кызматкер аялдар үчүн сол жагына топчуланат.
21. Жагоо.
Жагоо кочкул көк же кара түстөгү жибек кездемеден жасалат, чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн туруп, учтуу болуп бүтөт.
22. Туфли.
Туфли кара же каралжын күрөң түстө болот.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени жана мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн булгаары таман салынып шаврадан; кенже, улук жана башкы кызматтагы класттык чени бар калган адамдар үчүн таман салынып, хромдон жасалат.
Кызматкер аялдар үчүн туфли накта булгаарыдан, кара түстөгү анча бийик эмес такасы бар моделдүү жасалат.
23. Бийик кончтуу батинке.
Бийик кончтуу батинке (кончу кыска өтүк) талаа формасы үчүн боосу менен кара түстө болот.
2. Айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү
24. Баш кийимдеги кокарда.
Баш кийимдеги кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан туташ куюлуп жасалат, дал ортосуна Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы символика белгисинин элементтери жайгашкан, символика белгисинин алкагынан кокарданын четтерине чейин гофрирленген бетке ээ.
Кокарданын арт жагынын дал ортосуна - аны баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич жасалат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн кокарда алтын түстүү жип менен саймаланат.
25. Кепке кадалуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү.
Кепке кадалуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү жүн кездемеден жасалат жана белгиленген үлгүдөгү тегерек формада болот.
26. Эмблема.
Эмблема алтын түстүү, металлдан туташ куюлуп жасалат. Сегиз жылдызчалуу калканча түрүндөгү рельефтүү контурду элестетет, контурдун дал ортосуна "Кыргыз Республикасынын Экотех көзөмөл кызматы" деген жазуусу бар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү жайгаштырылган.
27. Төш белги.
Төш белги кызыл түстөгү боектуу элементи бар алюминийден жасалат, тегерек сфера (томпок) түрүндөгү формада жана мамлекеттик инспектордун жекече номери болот.
28. Жеңдеги белги.
Жеңдеги белги кителдин, пальтонун же көйнөктүн жеңине тигүү үчүн ачык жашыл-жашыл, ак жана көгүлтүр түстөгү кебез кездемеден жасалат, тиешелүү түрдө ага шелкография жолу менен сүрөттөлүш түшүрүлөт.
29. Топчулар.
Топчулар металлдан жасалып, алтын түстө, чөйчөкчөдөн, түпчөдөн, көзөнөктөн же бекиткич илмектен турат.
Үстүңкү бет жагы томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Топчунун диаметри 14 жана 22 мм.
Топчуну сары, каралжын жашыл жана ачык жашыл-жашыл түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет.
30. Ийинге тагылма погондор.
Ийинге тагылма погондор пальтого, плащка, кителге, күрмөгө жана көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак келип, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см, мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар адамдар үчүн погондун эни - 5,5 см, башкы кызматтан кенже кызматка чейин класстык чени бар адамдар үчүн - 4-5,5 см. Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы көк-жашыл түстөгү нооту менен милтеленет, милтенин эни - 2,5 мм.
Тигилме погондор пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо погондор костюмга, көйнөктөргө, күрмөгө тагылат. Погондор
кочкул көк түстө, ал эми ак түстөгү көйнөккө - күмүш түстө же ак түстө болот.
31. Саясый жана административдик кызматтагы адамдар үчүн погондор.
Өзгөчө токулган көк түстөгү волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар Кыргыз Республикасынын экология жана техникалык көзөмөлүк боюнча мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен кооздолгон диаметри 25 мм болгон беш бурчтуу 3 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар Кыргыз Республикасынын экология жана техникалык көзөмөлүк боюнча мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен кооздолгон диаметри 25 мм болгон беш бурчтуу 2 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар Кыргыз Республикасынын экология жана техникалык көзөмөлүк боюнча мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен кооздолгон диаметри 25 мм болгон беш бурчтуу 1 жылдызча тигилет.
32. Башкы административдик кызматтагы мамлекеттик инспекторлордун погондору.
Өзгөчө токулган көк түстөгу волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 3 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 2 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 1 жылдызча тигилет.
33. Кенже жана улук административдик кызматтагы мамлекеттик инспекторлордун погондору.
Нооту капталган кочкул-көк түстөгү волокадан даярдалат. Погондордо ачык жашыл түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 4 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 3 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 2 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 1 жылдыз бекитилет.
Саясий, жогорку административдик жана башкы административдик кызматтагы адамдар үчүн параддык погондор алтын түстөгү волокадан жасалат.
Погондордогу жылдызчалар аскер кызматчыларынын погондорундагы жылдызчалардын жайгашуусуна окшош жайгаштырылат.
3. Формалык кийимди кийүү эрежеси
34. Мамлекеттик инспекторлор формалык кийимди ээлеген кызматына жараша кийишет.
Формалык кийим ушул главанын эрежелерине ылайык кийилет. Кийим формасынын предметтери белгиленген сыпаттамаларга жооп берип, кылдаттык менен ылайыкталып, таза жана тыкан сакталууга тийиш.
35. Төмөнкү учурларда формалык кийимди кийүү каралат:
- салтанаттуу жана майрамдык иш - чараларда, расмий кабыл алууларда - өкүлчүлүк (парадтык) форма;
- күн сайын кызматтык милдеттерин аткарууда, инспекциялоодо (текшерүүдө) - күнүмдүк;
- талаа шарттарындагы жумуштар менен байланышкан кызматтык милдеттерди аткарууда жана атайын иш-чараларды өткөрүүдө - талаа формасы;
- лабораториялардын адистеринин кызматтык милдеттерин күн сайын аткарууда - лабораториялык комплект (атайын кийим).
36. Тыюу салынат:
- ведомстволук форма кийиминин предметтерин, ошондой эле ведомстволук кийимдерди жарандык кийим менен аралаштырып кийүүгө;
- ведомстволук форма кийиминин өзгөртүлгөн же белгисиз үлгүдөгү предметтерин, жабдууларын жана айырмалоочу белгилерин тагынууга;
- каралгандардан тышкары башка түстөгү формалык кийимди кийүүгө, айырмалоочу белгилерди тагынууга;
- күнүмдүк форма кийими учурунда талаа формасын кийүүгө.
37. Баш кийим түз, кыйшаюусуз кийилет, алардын алдыңкы кыры каштан бир-эки манжанын эниндей болушу керек, фуражканын, кепканын калканчылары каштын деңгээлинде. Эмблема орто ченде, чекенин үстүндө болушу керек.
38. Пальто, плащ, параддык пиджак, күнүмдүү пиджак бардык топчуларга топчуланат. Плащ кур менен курчалып кийилет.
39. Өкүлдүк (параддык) жана күнүмдүк форма галстук менен кийилет, галстук көйнөктүн үчүнчү жана төртүнчү топчуларынын аралыгына кыпчыгыч менен көйнөккө бекитилет.
40. Бут кийим ар дайым таза жана бооланган болушу керек.
41. Кашне пальтонун, куртканын, плащтын жакасына кымтыланып кийилет.
42. Өкүлдүк (параддык) формалык кийимде Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгилери - медалдар жана ордендер тагылып кийилет.
43. Күндөлүк формалык кийимде сыйлыктардын символдору (планкалар) жана башка айырмалоо белгилери тагылат.
44. Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларды бүтүрүү белгилери башкалардан төмөн тагылат.
45. Ушул главанын талаптарын сактабагандыгы үчүн мамлекеттик инспекторлор Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте тартиптик, жумуштан бошотууга чейин жоопкерчиликке тартылат.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТАЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 23-августу № 248-б
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология
жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ведомстволук формалык кийим жана кызматкердин айырмалоочу белгилери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 01-01/134 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 “Атайын жана ведомстволук форма кийимдерин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15- ноябрындагы № 263 токтомдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын (мындан ары- Кызмат) кызматкерлеринин ведомстволук формалык кийимдерин кийүүнү тартипке келтирүү максатында буйрук кылам:
1. Кызматтын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Документтер менен камсыз кылуу башкармалыгы бул буйрукту Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.
3. Кызматтын жетекчилери бул буйрукту жетекчилик жана иш алып баруу үчүн кабыл алышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 29-июлундагы 2022-жылдын № 1-д “Ведомстволук форма кийимдери, кызматкерлердин айырмалоочу белгилери жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Министрлигинин басма сөз кызматы менен биргеликте санариптештирүү бөлүмү:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык 2010-жылдын 26-февраль № 117 милдеттүү түрдө расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыяланган булагын, көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыны көрсөтүү менен мамлекеттик каттоо учүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин биринчи орун басары М.Р. Маметовго жүктөлсүн.
Министрдин м.а. |
| А.А. Сапаралиев |
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, Экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2024-жылдын 23 август № 248-П буйругуна |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл Кызматынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин
СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Форма кийимдеринин сүрөттөлүшү
(Кыргыз Республикасынын Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 01-01/134 буйругунун редакциясына ылайык)
1. Экологиялык жана техникалык көзөмөл боюнча мамлекеттик кызматкерлеринин формасы (мындан ары – мамлекеттик кызматкерлер) төрт комплекттен турат:
- сый кийим;
- күнүмдүк;
- талаачылык;
- лабораториялык (атайын кийим).
2. Сый кийим жана күнүмдүк комплектиге төмөнкүлөр кирет:
- кышкы пальто;
- бапак;
- кулакчындуу тумак;
- моюн орогуч;
- мээлей;
- плащ;
- фуражка;
- пилотка (кепка);
- китель;
- узун жана кыска жеңдүү көйнөктөр;
- жазгы-күзгү күрмө;
- кышкы, жазгы-күзгү жана жайкы бут кийим;
- шым.
Сый комплектидеги көйнөк, мээлей жана моюн орогуч ак түстө болот.
Жазгы-күзгү күрмө күнүмдүк комплектиге гана кирет.
3. Талаачылык комплектиге камуфляж кирет, ал бушлаттан, күрмөдөн, шымдан жана кончу бийик батинкеден турат.
Жылдын кыш мезгилинде бапак, кулакчындуу тумак жана кышкы бут кийим, жай мезгилинде - фуражка, пилотка жана кепка (панама) пайдаланылат.
4. Лабораториялык комплект (атайын кийим) лабораториялардын инспекторлору үчүн арналган жана такыядан, халаттан, мээлейден жана бахиладан (ак, көгүлтүр же боз түстөгү) турат.
5. Кышкы пальто.
Пальто эки жакка кымтыланма, денеге кыналып турат, ичине ватин салынган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү алты формалык топчуга топчуланат. Жакасы кайырмалуу лацкандары менен, жеңдери кош тигиштүү. Кенже, улук жана башкы кызмат орундарынын наамдары бар адамдары үчүн пальто кочкул көк түстөгү драптан тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар, жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн пальто боз түстөгү драптан тигилет. Жакасы каракүл, жеңдери тилик, кош тигиштүү, тиликке Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү кичине өлчөмдөгү экиден топчу кадалган.
Кызматкер аялдар үчүн - пальто денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө, бир жагына кымтыланма, жакасы кайырма, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт формалык топчуга топчуланат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар, жогорку административдик жана саясый кызматтагы аялдар үчүн пальто денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө, боз түстөгү кездемеден тигилет, эки жакка кымталанма, ичине ватин салынган. Жакасы кайырма, жаканын жогорку бөлүгүнө, кайрууларына жана манжеттерине каракүл салынган. Пальто Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алты формалык топчуга топчуланат.
6. Кышкы бут кийим.
Өтүк мех менен ичтелген кара булгаарындан ултарылат, эркектер үчүн кончу кыска жана аялдар үчүн кончу узун жасалат. Кончуна сыдырма салынган.
7. Плащ.
Плащ кочкул көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, төрт топчуга ичинен топчулануу бир жагына кымтыланма, ичилик салынган, тогоо менен курчалуучу куру бар. Жакасы кайырма, кесик каттамдуу. Өңүлөрү кокеткалуу, кыюуланган тилик чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу жана тигиш дал ортосунан өтүп, тилик чөнтөктүү. Учасы кокеткатлуу жана тигиш дал ортосунан өтүп, тилик болуп бүтөт. Жеңи кош тигиштүү, үч жагы тигилген жең тарткычтуу, анын бош учтары топчулукка топчуланат.
8. Жазгы-күзгү күрмө.
Жазгы-күзгү күрмө көчкул көк түстөгү суу өткөрбес кездемеден тигилет, бир жагына кымталанма, каптама жан чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары топчуга топчуланат. Төш чөнтөктөрүнө сыдырма салынган. Жакасы кайырмаю Топчулугу кайып тигилген бөйрөмчөсүндө, жеңдери бир тигиштүү орнотулма, алды жагы паталуу, ал пластмасса топчуларга топчуланат. Күрмөнүн белинде - көмүскө тартма. Баш чүмбөтүнө жана ичилигине синтепон учтарына, чөнтөктөрүнө жана капкалдырыктарына кооздоочу тигиш салынган.
9. Бапак.
Бапак кесилген конус түрүндөгү алкактан жана алкактын үстүңкү кырынан 4 см чыгып турган калпактан (төбөдөн) турат. Алкагы боз түстөгү накта каракүлдөн жасалат. Калпак төрт талаадан туруп, кочкул-көк түстөгү ноотудан тигилет. Төбөсүнүн үстү жагындагы тигиштерине эни 5-6 см болгон алтын түстөгү тасма кайчылаш бастыра тигилген.
Бапактын алкагынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет.
Эркектер үчүн бапак мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдарга гана берилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтардагы кызматкер аялдар үчүн боз түстөгү накта каракүлдөн беретка берилет.
10. Кулакчындуу тумак.
Тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы (маңдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү каракүлдөн жасалат. Төбөсү төрт талаадан туруп, маңдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) кочкул көк түстөгү күдөрүдөн тигилет. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат.
Аялдар үчүн кочкул көк түстөгү ноотудан тигилген беретка берилет.
11. Мээлей
Мээлей ичи мех менен кара булгаарыдан тигилет.
12. Моюн орогуч.
Моюн орогуч боз жана ак түстөгү жүндөн токулган кездемеден болот.
13. Фуражка.
Фуражка көк-жашыл түстөгү баркыт алкактуу кочкул көк кездемеден тигилет, алкагына жана кебине милте бастырылат. Алкагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки кичине топчуга өрүлгөн кош катар боо бекитилип, алкагында алтын түспөлдөнгөн кокарда болот. Маңдай кыры кара, лакталган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн алкагындагы маңдай кырынын үстүнө алтын түспөлдөнгөн өрүлгөн боодон башка, симметриялуу жайгашкан эки эмен бутагы түрүндөгү алтын түстүү кооздук да саймаланып салынат. Жайкы фуражка ак же ачык көк түстө болот.
Кызматкер аялдар үчүн фуражканын ордуна ак же кочкул көк түстөгү көк-жашыл милтеси бар тегерек формалуу шапочка (беретка, пилотка) берилет.
14. Күндө кийилүүчү китель-шым.
Бир жагына кымтыланма китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн үч топчуга топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү. Китель беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кичине өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама төш чөнтөктөрү, беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн чоңураак өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама жан чөнтөктөрү бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку жана саясый кызматтагы адамдар үчүн - китель эки жакка кымталанма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү жана тилкелүү тилик төш чөнтөктөрү бар, аялдар үчүн – топчулук сол жагында болот.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку жана саясый кызматтагы адамдар үчүн китель кочкул көк түстөгү габардинден тигилет, жакасы жана кайрылган жең учу көк-жашыл түстөгү милте менен кыйылган, милтенин эни 2,5 мм. Кызматкер аялдар үчүн топчулук сол жагында. Жогорку атайын наамдары бар адамдар сур түстөгү китель кийүүгө укуктуу.
Шым багелеги кое берилип, манжетсиз тигилген, улук жана башкы кызматтагы класстык чени бар адамдар үчүн эни 2,5 мм болгон жашыл түстөгү милте бастырылган.
Кызматкер аялдарга форма шым берилишими мүмкүн.
15. Аялдардын кители жана юбкасы.
Аялдар үчүн китель жана юбка кочкул-көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилет.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки топчуга сол жагына топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт топчуга сол жагына топчуланат, эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар.
Юбка түз, тизеге чейин.
16. Жайкы китель.
Жайкы китель күндө кийилүүчү китель-шымдай эсе, болгону ачык боз түстөгү кездемеден тигилет.
17. Жайкы көйнөк.
Жайкы көйнөк көгүш түстөгү кездемеден тигилет, түз, орнотулма кыска жеңдүү, жең учу кайырмалуу, көк жашыл түстөгү милте менен кыюуланган. Төш чөнтөктөрү каптама, “бант” бүгүштүү жана топчуга топчуланган капкалдырыктуу. Жакасы кайырма лацкандары менен, топчулугу белге чейин, көйнөктүн жан чөнтөктөрү тилик болуп, кыюуланган, көйнөктүн юбкасы алды жагында беттеме бүгүштүү, белинде тоголуу куру бар.
18. Аялдардын шымдуу жайкы костюму.
Жайкы костюм кочкул көк түстүү кездемеден тигилет, орнотулма кыска жеңдүү, денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштөгү бир жагына кымталанма жакеттен турат, кайрылган жең учуна көк-жашыл түстөгү милте бастырылган, топчулугу көрүнбөйт, жакасы кайырма лацкандары менен, алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар, учасы бир тигиштүү, төш чөнтөгү тилик болуп, кыюуланган.
Шым түз, жан чөнтөктөрү бар, кайып тигилген кашатынын каптал тигишине көк-жашыл түстөгү милте бастырылган.
19. Күрмө
Күрмө кочкул көк түстөгү жарым-жартылай жүн кездемеден тигилет, сыдырма салынган тилик жан чөнтөктөрү бар, кайырма жакалуу, бел кур жана ичилик салынган. Өңүрлөрү кокеткалуу, кокеткалар бастыра тигилген тигиштерге капкалдырыктуу жана “беттеме” бүгүштүү каптама чөнтөктөр салынган. Учасы ортосунда тигиши бар кокеткалуу. Жеңи кош тигиштүү, учтарына тилиги бар манжета салынган.
Чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары, манжеталар жана бел кур Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн формалык топчуларга топчуланат.
Кызматкер аялдар үчүн күрмөнүн формасы ушундай эле.
20. Сырт көйнөк.
Узун жеңдүү көйнөк ак же көгүлтүр түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, бел кур салынган.
Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу, жеңи тилик жана манжета салынган. Көйнөктүн алды, манжеталары жана бел куру топчуга топчуланат.
Узун жеңдүү көйнөк манжета салынып, көгүлтүр же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кыска жеңдүү көйнөк ак же көгүлтүр түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки төш чөнтөгү бар, бел кур салынган. Алды жагы этегине чейин ачык.
Учасы кокеткалуу. Көйнөктүн алды, капкалдырыктар жана бел кур топчуга топчуланат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн көйнөктүн бел куру резинкага бекитилет. Кыска жеңдүү көйнөк көгүлтүр же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кызматкер аялдар үчүн сол жагына топчуланат.
21. Жагоо.
Жагоо кочкул көк же кара түстөгү жибек кездемеден жасалат, чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн туруп, учтуу болуп бүтөт.
22. Туфли.
Туфли кара же каралжын күрөң түстө болот.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени жана мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн булгаары таман салынып шаврадан; кенже, улук жана башкы кызматтагы класттык чени бар калган адамдар үчүн таман салынып, хромдон жасалат.
Кызматкер аялдар үчүн туфли накта булгаарыдан, кара түстөгү анча бийик эмес такасы бар моделдүү жасалат.
23. Бийик кончтуу батинке.
Бийик кончтуу батинке (кончу кыска өтүк) талаа формасы үчүн боосу менен кара түстө болот.
2. Айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү
24. Баш кийимдеги кокарда.
Баш кийимдеги кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан туташ куюлуп жасалат, дал ортосуна Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы символика белгисинин элементтери жайгашкан, символика белгисинин алкагынан кокарданын четтерине чейин гофрирленген бетке ээ.
Кокарданын арт жагынын дал ортосуна - аны баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич жасалат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн кокарда алтын түстүү жип менен саймаланат.
25. Кепке кадалуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү.
Кепке кадалуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү жүн кездемеден жасалат жана белгиленген үлгүдөгү тегерек формада болот.
26. Эмблема.
Эмблема алтын түстүү, металлдан туташ куюлуп жасалат. Сегиз жылдызчалуу калканча түрүндөгү рельефтүү контурду элестетет, контурдун дал ортосуна "Кыргыз Республикасынын Экотех көзөмөл кызматы" деген жазуусу бар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү жайгаштырылган.
27. Төш белги.
Төш белги кызыл түстөгү боектуу элементи бар алюминийден жасалат, тегерек сфера (томпок) түрүндөгү формада жана мамлекеттик инспектордун жекече номери болот.
28. Жеңдеги белги.
Жеңдеги белги кителдин, пальтонун же көйнөктүн жеңине тигүү үчүн ачык жашыл-жашыл, ак жана көгүлтүр түстөгү кебез кездемеден жасалат, тиешелүү түрдө ага шелкография жолу менен сүрөттөлүш түшүрүлөт.
29. Топчулар.
Топчулар металлдан жасалып, алтын түстө, чөйчөкчөдөн, түпчөдөн, көзөнөктөн же бекиткич илмектен турат.
Үстүңкү бет жагы томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Топчунун диаметри 14 жана 22 мм.
Топчуну сары, каралжын жашыл жана ачык жашыл-жашыл түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет.
30. Ийинге тагылма погондор.
Ийинге тагылма погондор пальтого, плащка, кителге, күрмөгө жана көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак келип, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см, мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар адамдар үчүн погондун эни - 5,5 см, башкы кызматтан кенже кызматка чейин класстык чени бар адамдар үчүн - 4-5,5 см. Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы көк-жашыл түстөгү нооту менен милтеленет, милтенин эни - 2,5 мм.
Тигилме погондор пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо погондор костюмга, көйнөктөргө, күрмөгө тагылат. Погондор
кочкул көк түстө, ал эми ак түстөгү көйнөккө - күмүш түстө же ак түстө болот.
31. Саясый жана административдик кызматтагы адамдар үчүн погондор.
Өзгөчө токулган көк түстөгү волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар Кыргыз Республикасынын экология жана техникалык көзөмөлүк боюнча мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен кооздолгон диаметри 22 мм болгон жети бурчтуу 3 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар Кыргыз Республикасынын экология жана техникалык көзөмөлүк боюнча мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен кооздолгон диаметри 22 мм болгон жети бурчтуу 2 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар Кыргыз Республикасынын экология жана техникалык көзөмөлүк боюнча мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен кооздолгон диаметри 22 мм болгон жети бурчтуу 1 жылдызча тигилет.
32. Башкы административдик кызматтагы мамлекеттик инспекторлордун погондору.
Өзгөчө токулган көк түстөгу волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 20 мм болгон алтын түстөгү жети бурчтуу томпок 3 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 20 мм болгон алтын түстөгү жети бурчтуу томпок 2 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 20 мм болгон алтын түстөгү жети бурчтуу томпок 1 жылдызча тигилет.