Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-декабры № 192
Бишкек, Аламүдүн, Панфилов, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө төмөнкү чечимдер келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 15 Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 11 жана 2025-жылдын 8-декабрындагы № 12 Чүй облусунун Аламүдүн районунун С.Чокморов жана Достук айылдык кеңештери боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылды 18-октябрындагы № 19 Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык кеңеши боюнча;
- Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 8 Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңеши боюнча;
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 3 Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 10 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д.Садырбаев айылдык кеңеши боюнча.
2) Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 10 катталган талапкерди жеке арызынын негизинде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д.Садырбаев айылдык кеңеши боюнча депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими.
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 11 Чүй облусунун Аламүдүн районунун С.Чокморов айылдык кеңеши боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 22 Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык кеңеши боюнча.
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 15 Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 8 Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңеши боюнча;
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 3 Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндөгү чечимдерин бекитет".
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр:
- Бишкек, Аламүдүн, Панфилов, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими 2-тиркемеге ылайык;
- Бишкек, Аламүдүн, Панфилов, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Бишкек, Аламүдүн, Панфилов, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 192 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын аты-жөнү |
Бишкек шаары | |||
1 | Бишкек АШК, № 15, 09.12.2025-ж. (09.12.2025-ж., өз арызы) | Бишкек шаардык кеңеши | Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич (1) "Жаңы күч-Новая сила" депутаттык фракциясы |
2 | Бишкек АШК, № 15, 09.12.2025-ж. (09.12.2025-ж., өз арызы) | Бишкек шаардык кеңеши | Абиров Жаныбек Болотбекович (7) "Жаңы күч-Новая сила" депутаттык фракциясы |
Чүй облусу | |||
Аламүдүн району | |||
3 | Аламүдүн АШК, № 12, 05.12.2025-ж. (04.12.2025-ж., өз арызы) | Достук айылдык кеңеши (№ 6 шайлоо округу) | Айтиев Темирлан Тыныбекович |
4 | Аламүдүн АШК, № 11, 05.12.2025-ж. (10.11.2025-ж., өз арызы) | С.Чокморов айылдык кеңеши (№ 4 шайлоо округу) | Роговская Мария Олеговна |
Панфилов району | |||
5 | Панфилов АШК, № 19, 18.10.2025-ж. (07.10.2025-ж., өз арызы) | Курама айылдык кеңеши (№ 5 шайлоо округу) | Исаков Жоодар Тологонович |
Баткен облусу | |||
Кызыл-Кыя шаары | |||
6 | Кызыл-Кыя АШК, № 8, 09.12.2025-ж. (09.12.2025-ж., өз арызы) | Кызыл-Кыя шаардык кеңеши | Аматов Жаныбек Женишбекович (6) "НДПК" депутаттык фракциясы |
Сүлүктү шаары | |||
7 | Сүлүктү АШК, № 3, 09.12.2025-ж. (05.12.2025-ж., өз арызы) | Сүлүктү шаардык кеңеши | Набиев Назарбек Раимбекович (4) "Таза коом" депутаттык фракциясы |
8 | Сүлүктү АШК, № 3, 09.12.2025-ж. (28.11.2025-ж., өз арызы) | Сүлүктү шаардык кеңеши | Халбеков Абдилазиз Асанович (2) "Ынтымак" депутаттык фракциясы |
Жалал-Абад облусу | |||
Ноокен району | |||
9 | Ноокен АШК, № 10, 09.12.2025-ж. (08.12.2025-ж., өз арызы) | Д.Садырбаев айылдык кеңеши (№ 1 Тосскоол-Эски Масы шайлоо округу) | Исманов Ысакбек Полотбекович |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 192 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө чечими
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № , датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин аты-жөнү |
Жалал-Абад облусу | |||
Ноокен району | |||
1 | Ноокен АШК, № 10, 09.12.2025-ж. (08.12.2025-ж., өз арызы) | Д.Садырбаев айылдык кеңеши (№ 1 Тоскоол-Эски Масы шайлоо округу) | Дубанаева Токтокан Тешебаевна |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 192 токтомуна 3-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндө боюнча чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Бишкек шаары | ||||
1 | Бишкек АШК, № 15, 09.12.2025-ж. (09.12.2025-ж., өз арызы) | Бишкек шаардык кеңеши | Мамырканов Бекзат Тынчылыкович (20) "Жаңы күч-Новая сила" саясий партиясы | "СоцАрго" ЖЧКнын директору |
2 | Бишкек АШК, № 15, 09.12.2025-ж. (09.12.2025-ж., өз арызы) | Бишкек шаардык кеңеши | Дунканаев Айбек Медетбекович (22) "Жаңы күч-Новая сила" саясий партиясы | КР Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы "Дипломатиялык сервис" мамлекеттик ишканасынын протоколдук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
3 | Аламүдүн АШК, № 11, 05.12.2025-ж. (21.11.2025-ж., өз арызы) | С.Чокморов айылдык кеңеши (№ 4 шайлоо округу) | Бекботоева Гульнара Раимкуловна | Убактылуу иштебейт |
Панфилов району | ||||
4 | Панфилов АШК, № 22, 24.11.2025-ж. (18.11.2025-ж., өз арызы) | Курама айылдык кеңеши (№ 5 шайлоо округу) | Абдрасулова Венера Майрамбековна | А.Тилекеев атындагы Орто-Арык орто мектебинин мугалими |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
5 | Кызыл-Кыя АШК, № 8, 09.12.2025-ж. (09.12.2025-ж., өз арызы) | Кызыл-Кыя шаардык кеңеши | Заиров Хасан Калилович (10) "НДПК" саясий партиясы | Пенсионер |
Сүлүктү шаары | ||||
6 | Сүлүктү АШК, № 3, 09.12.2025-ж. (09.12.2025-ж., өз арызы) | Сүлүктү шаардык кеңеши | Исабеков Бекмырза Нурдинович (5) "Таза коом" саясий партиясы | Транспорт департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынын транспорттук көзөмөл пунктунун улук инспектору |
7 | Сүлүктү АШК, № 3, 09.12.2025-ж. (09.12.2025-ж., өз арызы) | Сүлүктү шаардык кеңеши | Жумагулов Талантбек Абдыкулович (4) "Ынтымак" саясий партиясы | "Бай-Көмүр" ЖЧКнын директору |